БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жогорку соттун Б.Д.С. аттуу судьясына мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Ал Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштери боюнча соттук коллегиясынын судьясы болуп иштеп турганы айтылат.
"Судья бир канча мүлккө ээлик кылганы менен аны киреше-чыгашасы тууралуу декларациясында көрсөткөн эмес. Анын 20 элиталык турак жайы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаты жана люкс класстагы бир канча автоунаасы болгон. Кылмыштуу жол аркылуу алган мүлкүн жашыруу максатында мамлекеттик органдарга сатып алуу келишимин каттаган эмес. Кээ бир учурда киреше булагы тастыкталбаган ортомчу адамдардын наамына каттатып койгон", — деп айтылат маалыматта.Аны менен катар Б.Д.С. жакын туугандары (үй-бүлөсү) менен Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Азия, Европа жана АКШнын курорттук зоналарына тынымсыз барып турганы аныкталган. УКМК саякаттоого дагы олуттуу каражат керектелерин белгилеп, бул судьянын мыйзамсыз түрдө киреше табарынан кабар берерин айтат.
Азыркы тапта Жазык кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Учурда тергөөнүн алкагында судьянын декларацияланбаган активдерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмыш ишинин материалдары Башкы прокуратурага жиберилери айтылат. Алар судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жиберет.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты шаардын Кайгуул милициясы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган. Патрулдук милициянын версиясы боюнча Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген.Окуядан кийин милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген. Маалымат катчы кырсык боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө берилгенин кошумчалады.
Чыңгыз Айтматов проспектиси өкмөттүк трасса болуп саналат. Ал жол менен президент мамлекеттик резиденциядан Ак үйгө каттайт.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.
Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.
"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.
Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.