БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (ККК) өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Мекеменин Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын Т.А.Р. аттуу башчысына карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылды. Шектүүнүн мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерин адалдоо фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат", — деп белгиленет билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, 2014-2020-жылдар аралыгында Финансы полициясынын өкүлү Т.А.Р. көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 297 миң сом менен 8200 долларды алышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кылмыш жолу менен келген каражаттарды аныктоо боюнча атайын операцияга ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кирген.
"Абактардын биринде жаза өтөп жаткан 28 жаштагы К. Э. жана 33 жаштагы Т. Р. аттуу адамдар башкалардан көп убакыттан бери акча өндүрүп жүрүшкөн. Ошондой эле алар баңгизат сатуу, абак жайларынын ичинде жана сыртында кумар оюндарын уюштуруу боюнча шектелүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Абактагылардан чогулган акча мындан тышкары "общак кассасына" жөнөтүлүп турган.
Иликтөөдө белгилүү болгондой, каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган.Ошондой эле бул топко кирген дагы үч адам аныкталды, алардын арасында аял киши дагы бар.
Жыйынтыгында иштин фигуранттарынын жашаган дарегинен 8200 доллар, башкача айтканда, дээрлик 1 миллион сомго чукул акча табылды.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Октябрь райондук прокуратурасы мэриянын алдындагы "Бишкек жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын" жетекчилиги бюджеттен 5,25 миллион сом кымырып алганын аныктады. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалдык мекеменин кызмат адамдары финансылык-бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен өзүнө акча ыйгарып алышкан. Мунун айынан мамлекетке ири суммада зыян келтирилген.
Аталган факты Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү менен ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") КЖБРге катталган. Азыркы тапта сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 322-беренесинин 2-бөлүгү менен ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") КЖБРге катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиевден "КР эмгек сиңирген артисти" наамы алынган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Жазык кодексинин 64-беренесине ылайык, адамдан мамлекет тарабынан берилген жогорку сыйлыктар ал кызмат абалынан пайдаланып оор жана өтө оор кылмыш кылганда гана кайтарып алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле мындай жооп Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Көп өтпөй министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолукканын кабарлады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулар катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.
Маданият министрлиги 2011-жылы Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алган. Ал эми Примбердиевдин "КР эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.