Түндө Чоң Алайда жер титиреди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAКызматкер сейсмографтын маалыматтарын карап жатат. Архив
Кызматкер сейсмографтын маалыматтарын карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Табигый кырсыктан жабыркагандар болгон жок.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
3,5 баллдык жер титирөө бүгүн, 13-январь күнү, түнкү саат 01:07де катталып, Ош облусунун Чоң Алай районундагы Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Табигый кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0