Каракол лыжа базасында эс алып жүргөндөр. Архивдик сүрөт

"Каракол" лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүм. Кырсыктын чоо-жайы

157
(жаңыланган 10:25 13.01.2021)
Өспүрүмдүн сөөгүн кароо учурунда оӊ буту жана мойну сынганы аныкталган. Учурда кырсыктын себептерин толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Каракол" лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирүү таратты.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүм 35 жаштагы апасы менен 3-январда Нур-Султан шаарынан Токмоктогу туугандарыныкына келген. 10-январда Караколдогу лыжа базасына эс алууга барышкан.

"12-январь күнү саат 13.00дөр чамаларында өспүрүм 3 040 метр бийиктиктен ылдый түшкөн. Болжол менен 2 700 бийиктикке түшкөндө бурула албай чоӊ карагайды сүзгөн. Алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүмдүн денесин кароо учурунда оӊ буту жана мойну сынганы аныкталган. Учурда кырсыктын себептерин толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

157
Белгилер:
каза болду, "Каракол" базасы, Тоо-лыжа базасы, лыжа, өспүрүм
Тема боюнча
"Каракол" лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүм. Кырсыктын чоо-жайы
Нарында Audi менен Toyota Estima сүзүшүп, бир адам каза болду
Мужчина вытаскивает папку из полки.

Ошто энергетиктер мамлекеттик мүлктү сатып жиберишкени аныкталды

6
Акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес. Учурда зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ошто мамлекеттик мүлктү сегиз миң долларга сатып жиберишкен "Ош электр" ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Билдирмеге ылайык, акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес.

Алар мурунку административдик имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышкан. 1 сотых жер тилкесинин баасы болжол менен 30 миң долларды түзөрү айтылат.

"Ош электр" ишканасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Учурда келтирилген мамлекеттик зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

6
Белгилер:
зыян, тергөө, "Ош электр" ишканасы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду
Тема боюнча
4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт
Киши жолду өтүп жатат. Архив

Карап туруп эле сүзүп алды. Токмокто адамды автоунаа койдуруп кеткен видео

53
(жаңыланган 10:31 19.01.2021)
Окуя 18-январь күнү саат 8.00дөр чамасында Шамсинская жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочу жол чийинден өтүп бара жаткан кишини кагып кетет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Токмок шаарында жөө адамдар өтчү жол чийинде өтүп бара жаткан кишини автоунаа койдуруп кеткен ирмемдер видеого түшүп калды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Окуя кечээ, 18-январь күнү, саат 8.00дөр чамасында Шамсинская жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Audi 100 үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочу жол чийинден өтүп бара жаткан кишини кагып кетет.

Бүгүн Facebook тармагына окуянын видеосу жүктөлдү. 

Маалыматка караганда, айдоочу токтобостон качып кеткен. Бирок милиция көп өтпөй ошол эле шаардын 62 жаштагы тургунун шектүү катары кармады. Тергөө иштери уланууда.

Бир нече жаракат алган жабырлануучу ооруканада.

53
Белгилер:
жол кырсык, автоунаа, Токмок
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Нарында Audi менен Toyota Estima сүзүшүп, бир адам каза болду