Бишкекте автоунааларды атайын пульт менен ачып, тоноп жүргөндөрдүн видеосу

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКиши унаа ачууга аракет кылып жатат. Архив
Киши унаа ачууга аракет кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдүн бири Telegram мессенджери аркылуу сигнализациянын пультунун ордуна иштей турган жабдуу сатып алганын айтат. Мындай жол менен алар 60 машинанын тоношкон.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкекте атайын пульттун жардамы менен автоунааларды ачып, баалуу буюмдарды уурдап жүргөн делип төрт киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милиция көрсөткөн видеодон белгисиз адам пультту пайдалануу менен автоунааны ачканын көрүүгө болот. Ууруларды издөөгө шаар тургунунун арызы себеп болгон. Анда Hyundai автоунаасынан 15 миң сом жана электрондук сакал алгыч уурдалган.
Мындан улам милиция шаарда кылмыштуу топ жүргөнүн билген. Алар уурулук кылгандан кийин кайрадан автоунааны жаап, изин тазалап кетип турушкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Кармалгандардын курагы 18, 22 (экөө) жана 33 жашта экени аныкталды. Үчөө мурда соттолгондор.
Унаа ууру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унааны айдай каччулар кантип даярданат. Сактануу үчүн кеңештер
Шектүүлөрдүн бири Telegram мессенджери аркылуу сигнализациянын пультунун ордуна иштей турган жабдуу сатып алганын айтат. Мындай жол менен алар 60 машинаны тоношкон.
Видеодо милиция кызамткери алар кантип иштегенин айтып берди. Эки киши өздөрүнүн автоунаасында отурса, бири башка машинанын эшигин ачып кирип, ичиндегилерди алып чыгып турган. Ошол маалда дагы бирөө көчөдө кайтарып турчу.
Иликтөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0