БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык айдоочуга полиция кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Түркстан облусунун полиция департаментинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-январь күнү саат 22:30дар чамасында Чымкент — Самара жолунда болгон. Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина аласалып кеткен.
Жерине барган Байдибек райондук полициясы айдоочуну алып чыгып, оодарылып калган автоунааны тургузуп беришкен.
"Түндө кырсыктап калган учурда жергиликтүү полиция келип жардам берди. Алгачкы медициналык кызмат көрсөтүп, тамак беришти. Ыраазымын", — деди айдоочу.
Полиция окуя боюнча административдик протокол түзүп, чогулган материалдарды чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөттү.
Айдоочу Кыргызстандан Россияга жер-жемиш алып бара жаткан. Бактыга жараша, кырсык болгон жерде каза болуп же катуу жаракат алгандар болгон эмес.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Судья декабрь айынын аягында камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калмаматов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Осмоналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жарыялаган. Сунуш Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын Камил Осмоналиевди жоопко тартуу жана аны кызматтан алуу жөнүндө чечиминин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.
Бүгүнкү пленардык жыйында парламент ошондой эле судьялык кызматка Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн Дамирбек Назаровдун талапкерлигин тандады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте "Карышкыр" каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Мурсалым Умырзаков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Умырзаков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлдү.
Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн "Карышкыр" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматына жеткирилди.
БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.
ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.