Киши акча салынган конвертти кармап жатат. Иллюстративдик сүрөт

5000 доллар алып турган. Токой чарба башкармалыгынын кызматкери кармалды

218
(жаңыланган 11:27 15.01.2021)
Токой чарба агенттигинин Чүй жана Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери уруксат кагаздарын берүүдө атайын тоскоолдуктарды жараткан механизмди түзүп алышканы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыгынын кызматкери жеке компаниянын өкүлдөрүнөн 5 миң долларга чейин пара алып турган деп кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыгынын кызматкери жеке компаниянын өкүлдөрүнөн 5 миң долларга чейин пара алып турган деп кармалды
    Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыгынын кызматкери жеке компаниянын өкүлдөрүнөн 5 миң долларга чейин пара алып турган деп кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Ага ылайык, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Токой чарба агенттигинин Чүй жана Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жана соода объектилерин курам деген компанияларга мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бергени үчүн акча алууну адатка айлантып алганын аныктаган
    Ага ылайык, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Токой чарба агенттигинин Чүй жана Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жана соода объектилерин курам деген компанияларга мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бергени үчүн акча алууну адатка айлантып алганын аныктаган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Кечээ, 14-январда, мекеменин улук инспектору кезектеги акчалай сыйлыгын алып жатканда кармалды
    Кечээ, 14-январда, мекеменин улук инспектору кезектеги акчалай сыйлыгын алып жатканда кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармалыгынын кызматкери жеке компаниянын өкүлдөрүнөн 5 миң долларга чейин пара алып турган деп кармалды

Ага ылайык, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Токой чарба агенттигинин Чүй жана Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жана соода объектилерин курам деген компанияларга мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бергени үчүн акча алууну адатка айлантып алганын аныктаган.

"Аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери уруксат кагаздарын берүүдө атайын тоскоолдуктарды жараткан механизмди ишке ашырып, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500дөн 5000 долларга чейин пара берүүгө мажбурлап келишкен", — деп жазылган билдирмеде.

Кечээ, 14-январда, мекеменин улук инспектору кезектеги акчалай сыйлыгын алып жатканда кармалды.

Учурда башка кызматкерлердин да катыштыгы бар экени аныкталууда. Тергөө иштери уланып жатат.

218
Белгилер:
кармоо, пара алуу, лицензия, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, УКМК
Тема боюнча
Чекистке пара берип кармалган Соцфонддун Таластагы жетекчиси. УКМКнын видеосу
Финполдун жооптуу кызматкери мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө
ишкектин Свердлов районуна караштуу Дордой базарынын аймагынан чыккан өрт

ӨКМ: "Дордой" базарында чыккан өрт чектөөгө алынды

76
(жаңыланган 00:34 07.03.2021)
Өрт "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү төрт бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн кечке маал "Дордой" базарынын аймагында жайгашкан Al-masa'a TEXTILE дүкөнүнөн чыккан өрт саат 0:01де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.

76
Белгилер:
ӨКМ, өрт, "Дордой" базары, Бишкек
Тема боюнча
"Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Видео, сүрөттөр
Бишкектин "Орто-Сай" базарында контейнерден өрт чыкты
Дордой базарында контейнерден өрт чыкты.

"Дордой" базарында контейнерден өрт чыкты. Видео, сүрөттөр

273
(жаңыланган 22:51 06.03.2021)
Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү бөлүм, ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

​Өрттү өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 20:46да дагы бир бөлүм, саат 20:48де Биринчи май районунан бир бөлүм жиберилген.

"Мындан тышкары, бир суу ташуучу унаа, саат 21:35те Октябрь районунан бир бөлүм жөнөтүлгөн. Ошондой эле штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды. Саат 21:25те ИИМден эки экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада барды", — деп жазылат билдирүүдө.

Өрт өчүрүү иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов барды.

Кошумча маалымат берилет.

273
Белгилер:
ӨКМ, өрт, "Дордой", Бишкек
Тема боюнча
Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт
Учебное занятие в колледже предпринимательства №11 в Москве.

Билим сапатын жакшыртуу керек. Колледж мугалимдери окутула баштады

0
(жаңыланган 11:39 07.03.2021)
Окутуучулардын тажрыйбасын тереңдетүү "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тренингдер "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.

Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.

0
Белгилер:
мугалим, колледж, билим, тренинг, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан