Баткенде шахтада жарылуу болуп, бир кишини топурак басып калды

© REUTERS / Kacper Pempel / File PhotoШахтадагы иштеген кишилер. Архив
Шахтадагы иштеген кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Жерине саат 11:45те мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан тогуз куткаруучу тартылган.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шахтада, алдын ала маалымат боюнча, жарылуу болуп, 46 жаштагы кишини топурак басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык бүгүн, 15-январда, болду. Жерине саат 11:45те өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан тогуз куткаруучу тартылган.
Жарылуунун себеби азырынча белгисиз. ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0