Бишкекте кылмыштуу топтун "Карышкыр" каймана аты бар мүчөсү кармалды

© REUTERS / Stringer Кармалган шектүү киши. Архив
Кармалган шектүү киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мырсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте "Карышкыр" каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Мурсалым Умырзаков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Умырзаков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлдү.
Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн "Карышкыр" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматына жеткирилди.
Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл Чачтын кармалган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл "Чачтын" кармалган видеосу
Мырсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. 2018-жылдын июнь айынын башында эле Россияда баңгизат сактоо боюнча жаза мөөнөтүн өтөп келген. Милициянын маалыматы боюнча, Умырзаков буга чейин бир нече жолу соттолгон: 1998-жылы каракчылык беренеси менен 10 жылга кесилген, 2005-жылы карактоо боюнча 9 жылга соттолгон, 2010-жылы уурулук кылып 5 жылга эркинен ажыратылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0