Түндө Бишкекте кафе өрттөнүп, аны таңга жуук өчүрүштү. Видео

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү. Архив
Өрт өчүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө ӨКМге борбор калаанын Абдымомунов көчөсүндө кафе күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир бригада жөнөп кеткен.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Бишкектеги өрттүн видеосун жарыялады.
ӨКМге Абдымомунов, №259 дарегинде жайгашкан тамактануу жайы, "Pur-Pur" кафеси күйүп жатат деген кабар түшкөн.
Маалыматта кафенин ичиндеги оокаттар өрттөнүп кеткени айтылды. Учурда тиешелүү органдар өрттүн себебин тактап жатат.
Тилсиз жоо түнкү саат 02:10до чектөөгө алынып, жалын толугу менен таңкы саат 04:13тө өчүрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0