Дарыя суусуна алтын ылгоочу фабрикадан чыккан калдыктар кошулган. Чаткалдагы окуя

© Пресс-служба МЧС по Республике Ингушетия / Медиабанкка өтүүСуу калдыктар. Архив
Суу калдыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жергиликтүү жашоочулар бири-бирин дарыядагы сууну ичпей турууга чакырып, сууга цианид кошулуп кетти деген маалыматтарды таратышкан.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын ылгоочу фабрикада атайын курулган жай жырылып кетип, иштетилген калдыктар дарыя суусуна агып түшкөн. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Болот Ашырбаев билдирди.
Буга чейин айыл эли бири-бирин дарыядагы сууну ичпей турууга чакырып, сууга цианид кошулуп кетти деген маалыматтарды таратышкан.
Ашырбаевдин айтымында, "Эти Бакыр Терек-Сай" алтын ылгоочу фабрикасында булганыч суюктуктарды топтогон контейнер жарылып кетип, анын суусу тосмону жарып, Терек-Сай суусуна агып түшкөн. Дарыяга түшкөн булганыч суулардын көлөмү болжол менен 30 кубометрге жетет.
Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү бийлик Терек-Сай жана Ынтымак айылынын жашоочуларына дарыядагы сууну ичпей туруу эскертилгенин белгиледи.
"Терек-Сайдагы кен казган "Эти Бакыр Терек-Сай" фабрикасы жергиликтүү жашоочуларга таза суу жеткирүүдө", — деди Ашырбаев.
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Исаев белгилегендей, фабрикадагы атайын жай кечээ, 23-январда, саат 15:30дарда жырылган.
Лонгрид: Күйөөмдүн көмгүдөй эч нерсеси калбаптыр... - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн көмгүдөй эч нерсеси калбаптыр... Сүлүктү. Шахтерлор шаарынан 8 баян
"Фабрикадагы иштетилген калдыктар дарыя суусуна бир аз эле агып, кошулган. Ал убагында токтотулду. Дагы кошумча маалымат берилет", — деди Исаев.
Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов аталган окуя боюнча лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.
Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0