700 миң сомдун дайны жок. Оштогу "Достук" бажы бекетинин тескөөчүсү кармалды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБажы кызматкери. Архив
Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын  Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.
"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0