БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган.
Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер, “Белизгейт” иши боюнча дагы айыпталууда.
“УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында Сегизбаев жогоруда аталган кылмыштарды жасаганы аныкталды. Буга байланыштуу ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — дешти Башкы прокуратурадан.
Учурда кылмыш ишине тийиштиги бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.
Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп дагы шектелүүдө. Ага буга чейин Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Тоо жактагы өрт куураган чөптөн чыккан. Аны өчүрүүгө саат 19:58де Ленин районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 22:09да чектөөгө алынганы маалымдалды. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери айтылды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.
Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл тамыры" чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.
"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып казып жатабыз", — деди министр.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.