Жети-Өгүз: автоунаалар кагышып, 20 жаштагы жигит көз жуумп, 8 адам ооруканага түштү

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerЖол кырсыкта болгон автоунаа. Иллюстративное фото
Жол кырсыкта болгон автоунаа. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар барганга чейин жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунда BMW 525 жана Subaru Legasy автоунаалары кагылышып бир адам көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша 26-январда түнкү саат 23:43тө Каракол — Бөкөнбаев — Балыкчы жолунун 11-чакырымында болгон. Анын кесепетинен 20 жаштагы бала каза таап, сегиз адам жаракат алган.
Куткаруучулар барганга чейин жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген.
Куткаруучулар сөөктү автоунаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0