Бишкек: Porsche, Lexus жана Toyota кагышты. Талкаланган унаалардын сүрөтү

© AP Photo / Jae C. HongPorsche 911 автоунаасы. Архив
Porsche 911 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан Porsche менен Lexus катуу талкаланганын көрүүгө болот. Эки машинанын айдоочулары жаракат алган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектин Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде Porsche, Lexus-470 жана Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаалар кагышты. Бул тууралуу борбор калаанын Кайгуул милиция кызматы билдирди.
Үч автоунаа кабылган кырсык бүгүн, 27-январда, саат 22:10 чамасында болгон. Анын кесепетинен Porsche менен Lexus автоунааларынын айдоочулары жаракат алган. Окуя болгон жерде Кайгуул милициянын инспекторлору иштеп жаткандыгы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0