Абактарга чейин тараткан. Ошто баңгизат саткан аскер кызматкери кармалды

Жазылуу
30 жаштагы аскер кызматкери гашиш сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Иликтөө учурунда эки облуста, анын ичинде абактарда тыюу салынган затты таратып жүргөнү белгилүү болгон.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ош шаарында аскер бөлүгүнүн кызматкери баңгизат сатуу каналын уюштурганы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Ага ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш  деп табылган.
© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КРАга ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн
Ага ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ага ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн
© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КРСоттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш  деп табылган
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш  деп табылган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш  деп табылган
1/2
Ага ылайык, 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу аскер кызматкери 27-январь күнү өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда колго түшүрүлгөн
2/2
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 граммды түзгөн гашиш  деп табылган
"Мындан тышкары, кармалган адамдын Ош жана Чүй облустарында баңгизат таратып жүргөнү аныкталды. Ошондой эле абакта жазасын өтөп жаткандарга да тыюу салынган затты берип жүргөнү белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдар дагы аныкталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0