Mercedes бүктөлүп калган... Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгынын сүрөттөрү

© Фото / Pixabay / Andy KreycheЖол кырсыктан кийин автоунаа. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыктан кийин автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргаша Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде кечке маал болду. Машинаны 33 жаштагы эркек киши айдап баратканы аныкталды.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгы катталып, андан кеминде бир адамдын жабыркаганы айтылууда. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.
Жарыяланган сүрөттөрдөн автоунаанын бүктөлүп калганын көрүүгө болот.
"Бүгүн болжол менен саат 17.00дөр чамасында Mercedes Benz унаасынын 33 жаштагы айдоочусу Лев Толстой менен баратып, Термечиков менен кесилишкен жерде рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Эркек кишини тез жардам унаасы алып кеткен. Машинанын ичинде башка жүргүнчүлөрдүн бар-жогу такталып жатат", — дешти милициядан.
Окуя болгон жерде тартип сакчылары иштеп, кырсыктын себептери аныкталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0