БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте көп кабаттуу үйдө жашаган аялдын үйүнө белгисиз адамдар кирип карактап кеткен. Бул туурасында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Каракчылардын үйгө кирген учуру видеобайкоого тартылып калган. Кадрдан эки киши аялды ички бөлмөдөн залга сүйрөп чыгып, уруп жатканын көрүүгө болот. Андан соң бирөө үйдүн ээси менен алек болуп, экинчиси башка бөлмөлөрдү текшерүүгө өткөн.
Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучу аял 26-январга караган түнү саат 03:30 чамасында Панфилов көчөсүндө жайгашкан батирине белгисиз адамдар кирип карактап кеткенин айткан.
Жазган арызында аны бычак менен коркутуп эки уюлдук телефонун, 3000 сомдук кол кабын, 28 миң сом акчасын жана ID-паспортун алып чыгып кеткенин билдирген.Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Карактоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү катары 30 жаштагы Б.Т. аттуу жаранды кармап, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизди. Экинчи шектүүнүн ким экени аныкталап, издөө жүрүп жатат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 9-март күнү таңкы саат 04:00дө чыккан.
"Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткен", — дешти ӨКМден.
Кырсыктан жабыркагандар жөнүндө маалымат айтыла элек. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда 44 жаштагы эркек киши улгайган апасына бензин чачып өрттөп ийди деген шек менен кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-мартта, эртең менен саат 06:30да РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылынын тургундарынан чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда 81 жаштагы кемпирдин сөөгү өз үйүнөн табылган.
Бул кылмышка шектелип маркумдун 44 жаштагы баласы кармалды.
"Тергөө учурунда шектүү өз энесине бензин чачып өрттөп жибергенин айтып, кылмышын мойнуна алды. Алдын ала маалымат боюнча, ал психикалык оору менен жабыркайт. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси менен КЖБРге кетталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан сүрөт түрмөк даярдады.
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Учурда ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. Чыгармачылык потенциалын шакирттерин тарбиялоого жумшап келет. Эки уулдун апасы, бир нече неберенин чоң энеси.
"Өмүр бою элге кызмат кылдым, мактаныч, кубаныч сезим менен бактылуу кишимин деп айтсам жарашат. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.
Токтакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине кеңири интервью берип, өмүрүнүн кызыктуу учурлары, учурда аны кубанткан ирмемдер жана түйшөлткөн маселелер туурасында ой бөлүшкөн.
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган
Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.
22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.
29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун "Искусство жөнүндө баян" фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл
Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова
Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.
Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.
Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.
Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. "Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.
Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы "Манас" орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь
Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова
Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. "Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын", — деди ал бизге берген маегинде.