Жабырлануучу мерт кеткен. Өзгөндө кишини сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарында эркек кишини катуу сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды
Өзгөн шаарында эркек кишини катуу сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Райондук милиция шектүүнү кармап, автоунаасын айып короого киргизген. Айдоочу дагы, жабырлануучу дагы 44 жашта.
ОШ, 1-фев. – Sputnik. Өзгөн шаарында эркек кишини катуу сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Анын айтымында, окуя 28-январда түнкү саат 23:35тер чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу жол жээгинде бара жаткан 44 жаштагы жөө жүргүнчүнү коюп кетип, жардам бербестен кетип калган. Жабыркаган адам ошол жерден көз жумган.
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Бишкекте мас айдоочу Кайгуул милициянын автоунаасын ыргыта сүздү. Видео
Бул кырсык боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле Ош облусунун аймагында "Курчоо" иш мерчеми киргизилген.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы Ж.Н. аттуу жашоочусу кармалып, Honda Stepwagon үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого киргизилген.
Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0