ИИМ: Бишкектеги университет чакырткан чет элдик "студенттер" оор кылмыш жасады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖОЖдогу студенттер. Архив
ЖОЖдогу студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Окуу жай чет элдик жарандарды университетке билим алууга чакырымыш болуп, мамлекеттик органдарга жалган маалымат бергени аныкталган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бири мыйзамсыз миграция уюштурган факты аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуу жай чет элдик жарандарды университетке билим алууга чакырымыш болуп, мамлекеттик органдарга жалган маалымат берген. Университет мыйзамсыз миграцияны уюштуруу менен "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамды одоно бузган.
"Анын кесепетинен Кыргызстандын аймагында банкты тоноо сыяктуу оор кылмыш жасалган", — дешти ИИМден.
Факты Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 122-беренеси ("Тышкы миграцияны мыйзамсыз уюштуруу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0