10 млн. сомдук зыян. УКМК "Кыргыз жылуулук энергодогу" коррупцияны аныктады

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши акча менен конверт кармап турат. Архив
Киши акча менен конверт кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизе турганы айтылды.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында ири көлөмдө мазут сатып алуу боюнча жасалма документтер пайдаланылып, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз жылуулук энерго" ишканасынын жооптуу кызматкерлери ишкердик субъектилер менен алдын ала макулдашып алып, мазут сатып алуу боюнча финансылык жасалма документтер колдонулганы аныкталды. Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян мамлекетке өндүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0