Кишилер акчаны берип жатышат. Архив

Жыштык саткан... Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды

(жаңыланган 18:07 02.02.2021)
Буга чейин аталган мекемени башкарып турган Наталья Черногубова дагы ушундай эле иш менен камакка алынып, кайра үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Экс-башчы коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан 1-февралда кармалган.

"Ал мекемени жетектеп турган учурда жогорку кызматтагы башка аткаминерлер менен сүйлөшүп алып. ыйгарым укуктарын мамлекетке каршы колдонгон. 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген", — деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 миллион 803 миң сомго сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги жана тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Белгилей кестек, 2016-жылы Мамлекеттик байланыш агенттигин Бекташов Чыңгыз Акматович башкарып турган.

Буга чейин аталган мекемени башкарып турган Наталья Черногубова дагы ушундай эле иш менен камакка алынып, кайра үй камагына чыгарылган.

Белгилер:
Башкы прокуратура, жетекчи, кармоо, жыштык, коррупция
Тема боюнча
Прокуратура: пандемияда министрлик 1,5 сомдук бахиланы 150 сомдон сатып алган
Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы тандалды
Ош — Баткен жолунда оодарылып кетен автоунаа. Архив

Ош Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып кетти. Видео

(жаңыланган 21:37 14.04.2021)
BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып, эки адам жабыркады. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү Шарабидин Айдаров тастыктады.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.

Айдаровдун айтымында, окуя бүгүн, 14-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй бараткан.

"Айдоочу саатына 80 чакырым ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа оодарылып, жол четине чыгып кеткен", — деди Айдаров.

Кырсык болгон учурда автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы бир жүргүнчү болгон. Азыр анын өздүгү такталууда. Көлүк айып короого киргизилип, кырсыктын себеби иликтенип жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
видео, кырсык, автоунаа, трасса, Ош, Баткен
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Чүйдөн табылган курал-жарак жана ок-дары

УКМК курал-жарак, ок-дары катылган кампаны тапты. Сүрөт

(жаңыланган 21:16 14.04.2021)
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар талап-тоноого тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Чүйдөн курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • Гранатомет обнаруженный в схроне боеприпасов в Чуйской области. 14 апреля 2021 года
    Чүйдөн курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Гранатомет обнаруженный в схроне боеприпасов в Чуйской области. 14 апреля 2021 года
    Ага ылайык, аталган ок-дарылар УКМК жана "Альфа" атайын кызматы 2010-жылдагы апрель, 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында табылган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Чүйдөн курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды

Ага ылайык, аталган ок-дарылар УКМК жана "Альфа" атайын кызматы 2010-жылдагы апрель, 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында табылган.

"Ал жерден АК-47 Калашников автоматынын эки магазини, 5.45-59 даана ок-дары жана РПГ-26 "Аглень" гранатомёту табылган. Алар күч түзүмдөрүнүн биринин балансындагы куралдар болушу мүмкүн", — деп жазылат билдирмеде.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар талап-тоноого тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал. Учурда УКМК тарабынан шектүүлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.

Белгилер:
сүрөт, курал-жарак, кампа, УКМК
Тема боюнча
Аксыда ири көлөмдө курал сатууга камданып жаткандар кармалды. Сүрөттөр
Жалал-Абадда аюуну өлтүрүп, терисин алып бараткан жаран кармалды. Сүрөт

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 22:56 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.