Кеминде MAN менен Mercedes-Benz кагышып, бир киши мүрт кетти

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Каргашадан көз жумган 52 жаштагы кишинин сөөгүн куткаруучулар автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 3-фев— Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автокөлүк кагышып, анын кесепетинен бир киши көз жумуп, дагы бирөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя кечээ, 2-февраль күнү, саат 19:45 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 80-чакырымында (Чым-Коргон айылында) катталган.
Каргашадан көз жумган 52 жаштагы кишинин сөөгүн куткаруучулар автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркаган 51 жаштагы киши Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0