Түндө өлкө аймагында эки ирет жер титиреди

© AFP / PETER STEFFENСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Биринчи жолу саат 03:40та, экинчи жолу таңкы төрттө силкинген. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 5 баллга жеткени айтылууда.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Түндө өлкө аймагында эки ирет жер титиреп, күчү кээ бир аймактарда 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Биринчиси саат 03:40та Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында болуп, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жердин термелүүсү Алай районунун Нура жана Иркештам айылдарында катталган.
Ал эми экинчиси саат 04:03тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагындагы очогунда катталып, күчү 4 баллга жеткени белгилүү болду.
"Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0