Ошто 3-класстын окуучулары ууланып, ооруканага түштү

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүАшканада тамактанып жаткан окуучу. Архив
Ашканада тамактанып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Алты окуучу тең Кашкар-Кыштак айылындагы Дадан Султанов атындагы жатак интернатында билим алышчу.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына түшкөн. Маалыматты аталган ооруканадан тастыкташты.
Ага ылайык, алты окуучу тең айылдагы Дадан Султанов атындагы жатак интернатында билим алышчу.
"2-февраль күнү саат 14:10дор чамасында балдар белгисиз нерседен ууланып, облустук ооруканага келип түшкөн. Алтоонун бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми эки окуучунун абалы жакшырып, кечээ, 3-февраль күнү, үйүнө чыгарылды", — деди оорукана кызматкерлери.
Учурда төрт окуучу неврология бөлүмүндө дарыланып жатканы маалым болду.
Аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргал Кадыров билдиргендей, балдардын ашказаны жуулган. Алардын эмнеден уулангандыгы азырынча белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0