Нарын шаарында ок атышуудан бир киши каза болду

© AFP / SPENCER PLATTТапанчадан ок атып жаткан адам. Архив
Тапанчадан ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Укук коргоо органдары окуя тууралуу билдирүүнү тастыктаганы менен кененирээк маалыматты эртең берерин айтышты.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Нарын шаарында атышуудан бир киши каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Билдирүүгө караганда, окуя бүгүн кечинде, саат 20.00 менен 21.00дүн ортосунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгон адам криминалдык чөйрөдө жүргөн киши экени айтылууда.
Укук коргоо органдары толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0