БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Чүй облусундагы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, ал кылмышты каттоодон баш тартуу үчүн жарандан акча талап кылгандыгы аныкталган.
Кармалган милиция кызматкеринин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылган. Атайын кызмат анын канча сом өлчөмүндө пара менен кармалгандыгын ачык айткан жок.
Шектүү УКМК тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 9-март күнү таңкы саат 04:00дө чыккан.
"Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткен", — дешти ӨКМден.
Кырсыктан жабыркагандар жөнүндө маалымат айтыла элек. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда 44 жаштагы эркек киши улгайган апасына бензин чачып өрттөп ийди деген шек менен кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-мартта, эртең менен саат 06:30да РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылынын тургундарынан чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда 81 жаштагы кемпирдин сөөгү өз үйүнөн табылган.
Бул кылмышка шектелип маркумдун 44 жаштагы баласы кармалды.
"Тергөө учурунда шектүү өз энесине бензин чачып өрттөп жибергенин айтып, кылмышын мойнуна алды. Алдын ала маалымат боюнча, ал психикалык оору менен жабыркайт. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси менен КЖБРге кетталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.