Телефон кармап турган кыз. Архив

Ошто соцтармактан таанышкан окуучу кызды зордуктады деген балдар кармалды

332
(жаңыланган 18:25 08.02.2021)
Жабырлануучу кыз шектүү балдар менен Instagram социалдык түйүнү аркылуу таанышып, жолугушууга келгени маалым болгон.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош шаарында 16 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелип эки улан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, декабрь айында Ош облусунун тургуну арыз жазып, Ош шаарында анын 16 жаштагы кызын белгисиз эки жаран калаадагы батирлердин биринде зордуктап койгондугун жана аларга жаза берүүнү өтүнгөн.

ШИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарында жашаган 20 жаштагы К.Т. жана А.К. аттуу эки улан кармалган. Аларга карата Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Алгачкы тергөөдө жабырлануучу кыз шектүү балдар менен Instagram социалдык түйүнү аркылуу таанышып, баарлашып жүргөнү маалым болгон. Ал эми Ош шаарына алардын чакыруусу менен келгени айтылат.

332
Белгилер:
окуучу, шектүү, кармоо, зордуктоо, Ош шаары
Тема боюнча
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды
Контрабанда тамеки жүктөлгөн автоунаа кармалды

УКМК контрабанда жолу менен тамеки жүктөп бара жаткан эки автоунааны кармады. Сүрөт

78
(жаңыланган 21:48 07.03.2021)
Аталган факт боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешеси барларды  тактап жатат. 

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп келе жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты
    Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп келе жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты
    Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Билдирүүгө ылайык, ал оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды  Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан
    Билдирүүгө ылайык, ал оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды  Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган  760 миңден ашык таңгак чылымды  мыйзамсыз,  тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып кирип келе жаткан , — деп жазылат маалыматта
    "Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган  760 миңден ашык таңгак чылымды  мыйзамсыз,  тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып кирип келе жаткан ", — деп жазылат маалыматта
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон
    УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Аталган факты боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, ишке тиешелүү тараптар такталууда
    Аталган факты боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, ишке тиешелүү тараптар такталууда
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган
    Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Контрабанда тамеки жүктөлгөн автоунаа кармалды
    Контрабанда тамеки жүктөлгөн автоунаа кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 8
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп келе жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты

Билдирүүгө ылайык, оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды  Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан.

"Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган 760 миңден ашык таңгак чылымды мыйзамсыз,  тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып чыгып бара жаткан", — деп жазылат маалыматта.

УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон. 

Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешелүү тараптар такталууда.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган.

78
Тема боюнча
УКМК 17 кг алтын алып келе жаткан жаранды "Манас" аэропортунан кармады
Бишкектеги дүкөндөн чыккан өрт. Архив

Бишкектеги кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү. Кейиштүү сүрөттөр

194
(жаңыланган 14:57 07.03.2021)
Кечээ кечинде сегиз жарымдарда болгон өрт түнкү 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен араң бүгүн саат 13:23тө өчүрүлдү.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады.

Белгилей кетсек, министрлик кечээ өрт "Дордой" базарындагы павильондон чыкканын билдирген. Бүгүн такталган маалымат боюнча, тилсиз жоо Дордой районундагы Кожевенная көчөсүндөгү "Алтын-Тоо" базарынын аймагында катталды.

  • Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады
    Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Белгилей кетсек, министрлик кечээ өрт Дордой базарындагы павильондон чыкканын билдирген
    Белгилей кетсек, министрлик кечээ өрт "Дордой" базарындагы павильондон чыкканын билдирген
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады

Кечээ кечинде сегиз жарымдарда болгон өрт түнкү 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен араң бүгүн саат 13:23тө өчүрүлдү.

Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзүп, имараттын 200 чарчы метр аянты жана кездемелер күйүп кеткен. Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.

Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.

194
Белгилер:
өрт өчүрүүчү, дүкөн, ӨКМ, Бишкек
Тема боюнча
Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт
Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат