БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош аймагында жарандардын банктык эсебинен интернет, компьютердик технологияны пайдаланып 186 миӊ сом жана 800 доллар акча уурдады деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
“Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү жарандарды кармашты. Алар тарабынан сегиз жарандын банктагы эсебинен акчаларын интернет жана компьютер технологияларын пайдаланышып, өздөрүнө караштуу башка эсепке, банктык карточкага которуп жүрүшкөн. Бул боюнча ошол адамдар арыз жазган. Алардын эсебинен жалпысынан 186 миӊ сом жана 800 доллар акча уурдалган”, — деп билдиришти милициядан.
Шектүүлөрдүн 21 жана 23 жашта экендиктери айтылды.
“Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү дагы жабырлануучулар болсо аталган бөлүмгө кайрылууну суранат”, — деп жазылган таратылган маалыматта.
Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.
Булардын арасында үй-бүлөсүн бычак, мылтык менен коркуткан атанын кылыгы, кара куурай өстүргөн кылмыштуу топ менен элди козуткан адвокаттын жоруктары бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айда соттор караган айрым иштердин өкүмүн сунуштайт.
27 жаштагы жигит таанышы менен бакчада арак ичип отуруп, экөө уруша кетишкен. Айыпталуучу өзүнөн бир жаш кичүү айылдашын катуу сабап, бычактап жиберген. Таяк жеген бала окуя болгон жерде көз жумган. Эртеси киши өлүмүнө себепкер жигит өзү милицияга барып, ал күнү арак ичпегенин, адам өмүрүн алган кырсык кантип болуп кеткенин өзү да билбей калганын айткан. Фемида өкүлдөрү мурда соттолгон эки балалуу атаны 15 жылга темир тор артында калтырды.
Кылмышка шектүү эркек өз аялы менен таарынышып жүрүп ажырашууга чейин жетип калган. Бирок бүлөсүнөн ажырагысы келбей, кайын журтуна барып, бир нече жолу аларды бычак, ок атуучу курал менен коркутуп чыр салган. Териштирүү маалында эргулдун жакындарын коркутуп-үркүтүп күч колдонгондугу далилденген. Үч баланын атасы 600 сааттык коомдук жумушка кесилди.
Борбор калаада адвокат болуп иштеген жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон адам менен таанышып, экөө Бишкек шаарында кара куурай өстүрүү үчүн атайын лаборатория ачкан. Аны кымбат балуу техника менен жабдып, сапаттуу үрөн, жер семирткич сатып алып баңгизат өндүрө башташкан. УКМК кызматкерлери алардын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда эки килограммдан ашык мыйзамсыз зат таап чыккан. Сот адвокатка 300 миң сом айып салып, экинчисин беш жыл үч айга камап, 100 миң сом төлөмөр кылды.
Борбор калаада адвокатттык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юрист маалымат агенттиктери жарыялаган түрдүү макалалардын алдына улут аралык мамилени козутууга багытталган билдирүүлөрдү байма-бай жазып турган. Мындай аракеттерин ал бир нече ай жасап, соттук териштирүү маалында жогоруда айтылган айыптоолорду четке каккан. Погончондор шектүүнүн интернет булактарына жазгандарын атайын экспертизадан өткөрүп, кылмыштын курамын таап чыгышкан. Элди бөлүп-жарган жаран эми 300 миң сом мамлекетке төлөп бермей болду.