Кишенчен киши. Архив

Сот департаментинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

120
(жаңыланган 14:58 09.02.2021)
Сот департаментинин кызматкери даяр программаны кайра жасоо шылтоосу менен 2,4 миллион сом кымырган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку соттун Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2018-жылы июнда Сот департаментинин кызмат адамдары Сот аткаруучулар кызматы бөлүмү үчүн "КРдин сот истемасынын карыздар реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү үчүн тендер өткөргөн. Ал жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өтүп, IT-компания менен 2 миллион 385 миң сомго жасалма келишим түзүлгөн.

"Деген менен 2018-жылы аталган программаны Сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн адистери өз маянасынын эсебинен иштеп чыккан. Ал Кыргызпатентке расмий түрдө катталган. Ошого карабай Сот департаментинин кызмат адамдары кылмыштуу кадамга барып, даяр программаны жасоону шылтоолоп IT-компания менен жасалма келишим түзгөн. Натыйжада ал үчүн бөлүнгөн 2 миллион 385 миң сомду коррупциялык схеманын катышууучулары өздөрү алып койгон", — деп айтылат маалыматта.

Жогорку сот. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Тергөөнүн алкагында аталган долбоорду жетектеген С.К.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча тергөө улантылып, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы айтылат.

Ошондой эле УКМК аталган IT-компания "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча дагы коррупцияга шектелип жатканын эскертти. Бул кылмыштын бир фигуранты катары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева өтүп жатканы белгиленет.

Эске салсак, УКМК буга чейин Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурага сунуш жөнөткөн. Учурда Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы аталган маселени карап жатат.

120
Белгилер:
УКМК, кармоо, коррупция
Тема боюнча
Алдыда бир топ кызмат адамдары камалат. Баш прокурордун билдирүүсү. Видео
УКМК: Жогорку соттун төрайымы Калиева дагы бир мыйзамсыз ишке шектелүүдө
Судьянын балкасы жана китеби. Архив

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы кармалды

224
(жаңыланган 14:40 03.03.2021)
Статс-катчы кылмыштуу системага тийиштиги бар деген шек менен кармалды. УКМК буга чейин бул иш боюнча "Адилет сот" долбоорунун башчысы С.К.А. кармалганын эскертти.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун Сот департаментинин статс-катчысы К.С.А. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал коррупциялык схемаларды түзгөн деп шектелүүдө.

Мекеменин сайтында Калмаков Сталбек Аманатович статс-катчы экени көрсөтүлгөн.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, тергөөгө ылайык, 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн "Сот тутумунун карызкорлорунун реестри" автоматташтырылган маалыматтык системаны, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча формалдуу түрдө тендер өткөрүлгөн. Анда IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзүлгөн.

Бирок, маалым болгондой, айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.

"Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялар менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышкан", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Статс-катчы бул кылмыштуу системага тийиштиги бар деген шек менен кармалды. УКМК буга чейин аталган иш боюнча "Адилет сот" долбоорунун башчысы С.К.А. кармалганын билдирди.

УКМК, ошондой эле, IT-компаниялардын бири жергиликтүү сот тутумун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча башка кылмыш ишинде каралып жаткандыгын, анын соттолуучусу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева экендигин билдирди.

224
Белгилер:
шектүү, статс-катчы, департамент, Жогорку сот, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин байлыгынын тизмеси жана сүрөттөрү
Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Адвокаттын жообу
В Кара-Сууйском районе Ошской области сгорела школа

Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

118
(жаңыланган 11:24 03.03.2021)
Окуя кечээ кечинде болгон. Ал жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.

В Кара-Сууйском районе Ошской области сгорела школа
© Фото / пресс-служба МЧС
Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти

Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

118
Белгилер:
мектеп, өрт, Ош
Тема боюнча
Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты

0
(жаңыланган 18:22 03.03.2021)
Матраимов УКМКнын тергөө абагынан жеке клиникага качан которулганы айтылган жок. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.

"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.

Матраимов УКМКнын тергөө абагынан жеке клиникага качан которулганы айтылган жок. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.

Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

0
Белгилер:
абал, клиника, Райымбек Матраимов, Кыргызстан
Тема боюнча
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты