Зыяратчылардын акчасын пайдаланган. УКМК муфтияттын бухгалтерин кармады

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя кылып берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү өз максатына жумшап турган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырып, кошумча тергөө иштерин токтотуу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган шектүү киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт
Кечээ, 9-февралда, бул факт сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган комитеттен бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0