БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы контрабандалык жол менен алтын, зер буюмдарды алып келе жаткан 40 жаштагы жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.
Кечээ, 9-февралда, шектүү "Манас" эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы текшерүүсүнө кирбей өтүүгө аракет кылган.
"Чет өлкөдөн келип, бажылык каттоодон буйтап өтүүгө аракет кылган учурда УКМК кызматкерлери кармаган. Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 килограммдан ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт тышкы экономикалык чөйрөдөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ачыкталган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.
Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.
Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.
Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.
Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.
Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.
Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.
Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган учурду таап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирус апаатына каршы күрөш жүргүзүү максатында "Ганси" авиабазасын илдетке чалдыккандарды кабыл алуучу ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Тийиштүү кызматкерлер акчаны максатсыз пайдаланган.
"Текшерүүдө аныкталгандай, "Аскер курулуш" ишканасынын кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшкөн компаниялар менен бирге жасалган жумуштардын көлөмүн, курулуш материал, жабдыктардын баасын негизсиз кымбаттатып жазганы аныкталды. Мындан сырткары, жасалган иштер ар башка субподрядчылардын актыларында кайталанып көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекеттин казынасына 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өңдүрүш башталды.