Баңгизат алуу. Архив

ИИМ: Бишкекте баңгизат саткан интернет дүкөн жабылды

299
(жаңыланган 18:01 10.02.2021)
Сатып алуучу менен сатуучу жолукчу эмес. Алар тек гана интернет аркылуу байланышта болуп турушкан. Акча электрондук капчыкка которулчу.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

  • Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты
    Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган
    Маалыматка караганда, атайын операциянын алкагында баңгизатын онлайн сатууга шектелген А.С. аттуу 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы наркотик саткан интернет дүкөндү жапты
"Кылмышкер интернет дүкөнү аркылуу товардын аталышын, салмагын, баасын жарыялап турган. Сатып алуучу менен сатуучу жолукчу эмес. Алар тек гана интернет аркылуу байланышта болушкан. А.С. товарды саткандан кийин аларды короолордогу таштанды челектерге, урналарга таштап кетип турган. Ал эми сатып алуучу каражатты электрондук капчыктарга, банктык картага которуп турган. Шектүү акчаны жеке керектөөсү үчүн сарптаганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Жарандын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын өстүрүүгө ылайыкталган жабдыктар, рация, компьютер табылган.

А.С. изин жашыруу үчүн ар дайым эски аккаунттарын өчүрүп, жаңыларын ачып турган. Сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында соттук-химиялык, программалык-техникалык, техникалык-криминалдык экспертиза дайындалды. Учурда кылмышка тийиштиги бар башка тараптар дагы изделип жатат.

299
Белгилер:
онлайн-дүкөн, интернет, баңгизат, Ички иштер министрлиги, Бишкек
Тема боюнча
Абактарга чейин тараткан. Ошто баңгизат саткан аскер кызматкери кармалды
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив

Ок жүрөгүнө жетип токтоп калган. Бишкекте эркек кишини атып кетишти

199
(жаңыланган 14:08 26.02.2021)
Кишинин сөөгүн көп кабаттуу тамдагы батирлердин биринен табышкан. Анын ким экендигин аныктап, учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда эркек кишини өзүнүн батиринен атып кетишкен. Бул туурасында Свердлов райондук ИИБден кабарлашты.

Милицияга көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эс-учун жоготкон эркек кишинин жатканы боюнча кабар 26-февралда саат 00:40та түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери анын каза болуп калганын аныкташкан.

Криминалист-эксперттер сөөктү карап жатканда ийининен жарадар болуп, бирок ок көкүрөгүнөн кирип, жүрөгүнө кадалып калганын аныкташкан.

Милициядан ал 38 жаштагы С.Д. аттуу жаран экендигин билдиришти.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө башталган.

Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

199
Белгилер:
жүрөк, ок атуу, киши өлтүрүү, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө аялды уулу менен өлтүрдү деп шектелген киши Бишкектен кармалды
Эркектер ортосундагы мушташ. Иллюстративдик сүрөт

Ленин РИИБдин жетекчи орун басары кайгуулчулар менен мушташканбы? ИИМдин жообу

86
(жаңыланган 12:11 26.02.2021)
Ички иштер министрлиги факты боюнча кызматтык териштирүүсүн баштады. Милиция окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин О.Т. аттуу орун басары менен кайгуулчу милиционерлер ортосунда мушташ чыккан эмес. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин айрым ЖМКлар ишенимдүү маалымат булагына таянып, милиционерлер чырдаша кетишкенин жазышкан.

ИИМден билдиришкендей, 21-февраль күнү саат 00:05те Москва көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде Кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери MVD218B номери тагылган Lada Priora үлгүсүндөгү кызматтык унааны токтотушкан.

"Рулду Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын өкүлү мас абалында башкарып бараткан. Ал эми РИИБдин жетекчисинин Т.М. аттуу орун басары жүргүнчү катары бара жаткан", — дешти ИИМден.

Факты боюнча протокол түзүлгөнү белгиленди.

"Автоунаа айып короого токтотулду. Мушташ чыккан эмес. Ошондой эле РИИБ жетекчисинин орун басары рулду башкарып бараткан деген сөз калп", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ички иликтөө кызматы окуянын чоо-жайын аныктап жатат.

86
Белгилер:
мушташ, унаа, милиция, РИИБ
Тема боюнча
Таласта жаш балдар топтошуп мушташа кетишти
Бишкекте Subaru түркүктү сүзүп, ал унаанын үстүнө кулаган. Кырсыктын видеосу
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда