Sputnik Кыргызстан агенттиги жарым тоннадан ашкан мыйзамсыз жүк кантип бир катар мамлекеттин чек арасынан өтүп Европага чейин жеткенине кызыгып көрдү.
Материал Биринчи май райондук сотунун чечими менен ИИМдин расмий маалыматтарынын негизинде жасалды. Бул чуулуу ишти КР милиционерлери да тергеп, ага тиешеси бар шектүүлөрдү колго түшүрүп, сотко үч иш өткөргөн.
Кыргызстандан 2019-жылдын башында ири көлөмдөгү баңгизатты чет өлкөгө жөнөткөн кылмыштуу топко Мамлекеттик бажы кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын жооптуу кызматкерлери менен Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери көмөктөшкөн. Ага Бишкектеги "Элит Шоко", "Дилде-Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун негиздөөчүлөрү жана Кыргызстан, Түркия, Нидерланд падышалыгынын жарандары катышып, 670 килограмм героин түрүндөгү баңгизат Европага жөнөтүлгөн. Укук коргоо кызматкерлери ал Кыргызстанга Афганистандан гана келиши мүмкүн деп болжолдошкон.
Ирандан алып келинген шириндиктер (халва, шербет, рахат-лукум) "Дордой" базарынын жанындагы жана борбор калаадагы 7-апрель көчөсүндөгү кампада сакталганы айтылат. Так ошол жактан тышкы жасалгасын оңдоп, ичине баңгизат салып сыртка чыгарууга даярдалган. Андан соң 20 тонна 71 килограмм болгон жүккө тиешелүү уруксат кагаздарды мамлекеттик органдарда жогорку кызматтагы тааныштары бар юрист толугу менен бүтүрүп, бажычыларга бир күндө эле текшерткен. Ал азыктар Бишкекте катталган "Элит Шоко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болуп, товарларды "Дилде Сервис" ЖЧКсы декларациялаган. Аталган ишкананын негиздөөчүлөрү катары Пойраз Бурак менен Жолдошева Аида Алмухамбетовна көргөзүлгөн.
Ошентип, 2019-жылдын 16-майында өлкө аймагынан 20 тоннага жакын таттуу-тарапа 670 килограмм героин менен бажычылардын текшерүүсүнөн кийин КРден чыгып кеткен. Жүк 4500дөй чакырым жолду басып, бир нече республиканын чек арасынан өткөн. Бирок кылмыштуу топ өзүнүн максатына жетпей калган. Анткени Европа мамлекеттери өз ара ыкчам маалыматтар менен бөлүшүп, Германия менен Польшанын укук коргоо органдары ошол эле жылдын 1-июнуна караган түнү тергөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек арасына жакын жердеги Франкфурт-на-Одере шаарында баңгизатка толтурулган DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны кармап, андагы ар бир кутуну текшерип, 670 килограмм героинди таап чыккан. Германиялык эксперттер анын жалпы баасын 50 миллион евро деп баалаган.
Бул окуя тууралуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык ЖМКлар жазып чыккан. Атургай Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын чыгарган китебине чейин кирген.
Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы кылмыштуу топ өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жөндөп алышкандыгын кабарлаган.
"Аталган топтун мүчөлөрү Ирандан Европа биримдигине Борбордук Азия мамлекеттери аркылуу транзит менен өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу каналын жолго коюп алышкан. Эки кыргызстандыкты ИИМ колго түшүрүп, кийин дагы бирөөнө жана топтун чет элдик башка мүчөлөрүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланды", — деп билдирүү тараткан.
Учурда аталган иштин бир уюштуруучусу Түркияда абакта жазасын өтөп жатса, бир кыргызстандык жаран эл аралык издөөдө жүрөт.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылы КР аймагынан баңгизаттарга байланыштуу 1042 кылмыш жана жорук катталып, милиционерлер бир жылда эле жалпы жонунан 4 тонна 335 килограммдан ашык мыйзамсыз каражаттарды алган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин О.Т. аттуу орун басары менен кайгуулчу милиционерлер ортосунда мушташ чыккан эмес. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКлар ишенимдүү маалымат булагына таянып, милиционерлер чырдаша кетишкенин жазышкан.
ИИМден билдиришкендей, 21-февраль күнү саат 00:05те Москва көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде Кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери MVD218B номери тагылган Lada Priora үлгүсүндөгү кызматтык унааны токтотушкан."Рулду Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын өкүлү мас абалында башкарып бараткан. Ал эми РИИБдин жетекчисинин Т.М. аттуу орун басары жүргүнчү катары бара жаткан", — дешти ИИМден.
Факты боюнча протокол түзүлгөнү белгиленди.
"Автоунаа айып короого токтотулду. Мушташ чыккан эмес. Ошондой эле РИИБ жетекчисинин орун басары рулду башкарып бараткан деген сөз калп", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ички иликтөө кызматы окуянын чоо-жайын аныктап жатат.
Бул факт Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Маалыматка караганда, 25-февралда Бишкек шаарынын Донский тар көчөсүндөгү цехте санитардык эрежелерди одоно бузуп, "омега 3-6-9", "гүл уну", "зире майы", "зайтун майы" жана башка биологиялык активдүү кошулмаларды колдо жасап жатышкан. Анын башкы уюштуруучулары А. жана С. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган.
Финпол контрафакттык продукцияларды жасалма же мыйзамсыз түрдө жасап жаткандарды, ошондой эле экономикалык кылмыштарды көргөн жарандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.
Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.
"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.
Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барып келген. Анын жыйынтыгы туурасында бул жактан билип алыңыз.