БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кызмат адамдары социалдык объектилерди курууда алдын ала сүйлөшүп алган компаниялар менен келишим түзгөн.
"Жогоруда аталган агенттикке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары жеке курулуш компанияларына мамлекеттик заказдарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, алардан акча алып турган. Тергөө амалдарынын натыйжасында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү агенттиктин жетекчилик кызматтагы адамдарына 1 миллион 400 миң сом бергени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Ыкчам жүргүзүлгөн аракеттердин негизинде Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана аталган департаменттин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу координациялык тобунун Э.Р.К. аттуу директору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 9-март күнү таңкы саат 04:00дө чыккан.
"Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткен", — дешти ӨКМден.
Кырсыктан жабыркагандар жөнүндө маалымат айтыла элек. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда 44 жаштагы эркек киши улгайган апасына бензин чачып өрттөп ийди деген шек менен кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-мартта, эртең менен саат 06:30да РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылынын тургундарынан чакыруу түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда 81 жаштагы кемпирдин сөөгү өз үйүнөн табылган.
Бул кылмышка шектелип маркумдун 44 жаштагы баласы кармалды.
"Тергөө учурунда шектүү өз энесине бензин чачып өрттөп жибергенин айтып, кылмышын мойнуна алды. Алдын ала маалымат боюнча, ал психикалык оору менен жабыркайт. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси менен КЖБРге кетталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.