Аламүдүндө турак үйдө болгон жарылуудан өспүрүм көз жумду. Быйыл 14кө чыкмак

© Sputnik / Табылды КадырбековАламүдүндө турак үйдө болгон жарылуу
Аламүдүндө турак үйдө болгон жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Куткаруучулар көз жумган баланын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адам ооруканага жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Чүйдө ГЭС-2 айылында турак үй жарылып, быйыл 14 жашка чыга турчу өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кырсык бүгүн, 11-февралда, Аламүдүн районунда болгон. Анда Гагарин көчөсүндө жайгашкан №68 турак үй жарылган. ӨКМ кабарлагандай, кырсык газ түтүгү жарылгандан улам келип чыккан.
"Кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бирөө жабыркаган. Жерине саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 15:05те штаб жана Газ кызматынан бирден бригада тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адам ооруканага жөнөтүлгөн. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0