БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жарылуу болгон жерде урандылар гана калган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары окуя болгон жерди дрон менен видеого тартып алды.
Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы бала каза болду. Дагы бир адам жаракат алып ооруканага жаткырылды. Аламүдүн райондук Тез жардам кызматы дагы бир кишини алып кеткени кабарланды.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун Сот департаментинин статс-катчысы К.С.А. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал коррупциялык схемаларды түзгөн деп шектелүүдө.
Мекеменин сайтында Калмаков Сталбек Аманатович статс-катчы экени көрсөтүлгөн.
Бирок, маалым болгондой, айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.
"Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялар менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышкан", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
УКМК, ошондой эле, IT-компаниялардын бири жергиликтүү сот тутумун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча башка кылмыш ишинде каралып жаткандыгын, анын соттолуучусу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева экендигин билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынан тарта Бишкектеги көчө шыпыргандардын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.
Айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү демилгеси мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке аша турганы кошумчаланды.
Майрамды утурлай "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери маалым болду.