БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда турак үйдө болгон жарылуудан 79 жаштагы кемпир менен 16 жаштагы өспүрүм жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бүгүн Аламүдүн районунда үй жарылып, кырсыктан бир өспүрүм көз жумган. Ал быйыл 14 жашка чыкмак. ӨКМ газ түтүгү жарылганын маалымдады.
"Жабыркаган 79 жаштагы аял Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жеткирилген. Азыркы учурда медициналык текшерүүдөн өтүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми экинчиси 16 жаштагы өспүрүм экени айтылды. Алдын ала маалымат боюнча, анын оң буту жана сол билеги жабыркап, ооруканага жаткырылган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.