БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ага ылайык, атайын кызмат кримтөбөлдү бүгүн Бишкекке алып келген.
Буга чейин Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жаткан. Ал мындан башка да кылмыш иштерине шектүү катары ордо калаага алып келингени айтылды.
Кримтөбөл Жазык кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Досонов буга чейин издөөдө болчу. Анын жактоочусу кримтөбөл УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын 10-февраль күнү кабарлаган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдардын аялдарга кол салып, аларды муунткан бир нече фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, шектүүлөр аялдарга кечинде кол салып турушкан. 2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.
"Аталган кылмышка шектелип 20 жаштагы Б.М. аттуу улан жана буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган", — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши башталып, шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталып жатат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.
Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.
Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.