БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири “Дженго” каймана аты менен таанымал Кадырбек Досонов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
“Шектүү ушул жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, — деп билдирди соттон.
Досоновго өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган. Кандай кылмыш экени айтылган эмес.
2017-жылдын 6-июлунда Оштун Кара-Суу райондук соту аны милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмү боюнча актаган. 10-февралда УКМК Ошто шектүү жашырынган үйдү, анын ичинде Досоновдун жеке буюмдарын тапканын билдирди. Мындан улам анын өзүн таап, колго түшүрүү боюнча “Перехват” планын жарыялаган.Атайын кызмат кийин кримтөбөлдү кармоо боюнча иш-чара аяктаганын билдирген. Ал арада Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева буга чейин Дженго УКМКнын Оштогу аймактык башкармалыгына өзү келгенин билдирген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун Сот департаментинин статс-катчысы К.С.А. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал коррупциялык схемаларды түзгөн деп шектелүүдө.
Мекеменин сайтында Калмаков Сталбек Аманатович статс-катчы экени көрсөтүлгөн.
Бирок, маалым болгондой, айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.
"Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялар менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышкан", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
УКМК, ошондой эле, IT-компаниялардын бири жергиликтүү сот тутумун иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча башка кылмыш ишинде каралып жаткандыгын, анын соттолуучусу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева экендигин билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 2-март күнү, саат 18:28дер чамасында чыккан.
Анда Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.