БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Аламүдүн районундагы турак үйдө болгон жарылуудан жабыркагандардын абалын айтты.
Эске салсак, кечээ, 12-февралда, Аламүдүн районунда турак үйдөгү газ түтүгү жарылып бир өспүрүм көз жумган. Ал быйыл 14 жашка чыкмак.
Мындан тышкары, кырсыктан 79 жаштагы аял менен 16 жаштагы бала жабыркаганы айтылган.
"Учурда кемпирдин абалы орточо оор. Аны Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнөн палатага которуу пландалууда. Ал эми өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык", — деп жазылат маалыматта.
Өспүрүм учурда шаардык балдар ооруканасында дарыланып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан.
"Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган 760 миңден ашык таңгак чылымды мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып чыгып бара жаткан", — деп жазылат маалыматта.УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон.
Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешелүү тараптар такталууда.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Борбор калаанын четинде кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады.
Белгилей кетсек, министрлик кечээ өрт "Дордой" базарындагы павильондон чыкканын билдирген. Бүгүн такталган маалымат боюнча, тилсиз жоо Дордой районундагы Кожевенная көчөсүндөгү "Алтын-Тоо" базарынын аймагында катталды.
Кечээ кечинде сегиз жарымдарда болгон өрт түнкү 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен араң бүгүн саат 13:23тө өчүрүлдү.
Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзүп, имараттын 200 чарчы метр аянты жана кездемелер күйүп кеткен. Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.