Ошто бычакталган окуучунун өлүмү. Милиция шектүү балдарды кармады

© Sputnik / Александр КряжевКармалган шектүү киши. Архив
Кармалган шектүү киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Ош шаарында бычак жеп ооруканага түшкөн эки окуучунун бири каза болгон. Шектүүлөрдүн айтымында, жаш балдар арасында пикир келишпестик чыгып кеткен.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарында 10-класстын окуучусуна бычак сайып өлтүрүүгө шектүү жана анын жанында болгон эки өспүрүм бала кармалып, 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, шектүү Алай районунда туулган. Учурда Бишкек шаарындагы Дордой конушунда жашайт. Ош шаарына мындан беш күн мурда келген. Кармалган учурда жанында бүктөмө бычагы болгон.
"Ал мындай кылмышка маркум жана жабырлануучу менен айтышып кеткендиктен барганын, бул үчүн алып жүргөн бүктөмө бычакты колдонгонун айтты. Сурак уланууда", — деди Сыдыков.
Кылмыш жасалган учурда шектүүнүн жанында болгон балдар 14 жана 15 жаштагылар. Алардын дагы Бишкек шаарындагы Дордой конушунда жашай тургандыгы белгилүү болду. Шектүүлөр орто мектепте окубайт.
Ал эми кечээ, 11-февраль күнү, социалдык тармактарда өспүрүм милициянын кызматтык унаасынын үстүнө чыгып бийлеп жаткан кыскача видеоролик тараган.
Милициядан билдиришкендей, видеодогу адам 10-класстын окуучусун өлтүрүүгө шектүү, 16 жаштагы бала экендиги аныкталды.
"Окуя 8-февраль күнү Ош шаарында тартылган. Милициянын кайгуул кызматы чакыруу боюнча Кара-Суу көчөсүнө барып, дарек боюнча кирип кетишкенде өспүрүм унаанын үстүнө чыгып бийлеп, досуна видеого тарттырган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Учурда бул боюнча дагы ички иликтөө кызматы иликтөө иштерин баштады.
© Фото / Зульфия ТургуноваАлдын ала маалыматтар боюнча, Ош шаарындагы Нариман мектеп-гимназиясында мушташ чыгып, К.Б. жана Н.С. аттуу эки окуучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген
Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош шаарындагы Нариман мектеп-гимназиясында мушташ чыгып, К.Б. жана Н.С. аттуу эки окуучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген - Sputnik Кыргызстан
1/2
Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош шаарындагы Нариман мектеп-гимназиясында мушташ чыгып, К.Б. жана Н.С. аттуу эки окуучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген
© Фото / Зульфия ТургуноваЭкөө тең 17 жашта, бычак ичке тийген. Алардын бири ооруканада көз жумган
Экөө тең 17 жашта, бычак ичке тийген. Алардын бири ооруканада көз жумган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Экөө тең 17 жашта, бычак ичке тийген. Алардын бири ооруканада көз жумган
1/2
Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош шаарындагы Нариман мектеп-гимназиясында мушташ чыгып, К.Б. жана Н.С. аттуу эки окуучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген
2/2
Экөө тең 17 жашта, бычак ичке тийген. Алардын бири ооруканада көз жумган
Эске салсак, 11-февраль күнү Ош шаарында бычак жеп ооруканага түшкөн эки окуучунун бири каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош шаарындагы Нариман мектеп-гимназиясында мушташ чыгып, К.Б. жана Н.С. аттуу эки окуучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Экөө тең 17 жашта, бычак ичке тийген. Алардын бири ооруканада көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0