Владикавказдагы жарылуудан улам супермаркет тыптыйпыл болду. Видео

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүКүйгөн курулуш сыныктары. Архив
Күйгөн курулуш сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, газ-аба аралашмасы агып кеткен. Кампада кычкылтек баллондору сакталып турган.
БИШКЕК, 12-фев. – Sputnik. Владикавказда катуу жарылуу болгонун РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, кырсык Гагкаев көчөсүндө жайгашкан супермаркетте болгон. Анын кеспетинен бир кабаттуу дүкөндүн имараты толугу менен урап калган. Өрт чыккан эмес, жабыркагандар бар экени айтылып, бирок алардын саны тактала электиги кабарланды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, газ-аба аралашмасы агып кеткен. Кампада кычкылтек баллондору сакталып турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0