БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ошто күчү 4,5 баллга, ал эми Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Ага ылайык, 12-февраль күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 23:01де КРдин Сейсмология институту очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөнү катташкан.
Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер силкинүүнүн очогу Тажикстанда жайгашкан.
Ушул эле жер титирөө Ош облусунда 4,5 балл, ал эми Баткенде 4 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.
Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.
Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.
Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.
Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.
Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.
Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.
Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.
Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Аскер прокуратурасы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган учурду таап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирус апаатына каршы күрөш жүргүзүү максатында "Ганси" авиабазасын илдетке чалдыккандарды кабыл алуучу ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Тийиштүү кызматкерлер акчаны максатсыз пайдаланган.
"Текшерүүдө аныкталгандай, "Аскер курулуш" ишканасынын кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшкөн компаниялар менен бирге жасалган жумуштардын көлөмүн, курулуш материал, жабдыктардын баасын негизсиз кымбаттатып жазганы аныкталды. Мындан сырткары, жасалган иштер ар башка субподрядчылардын актыларында кайталанып көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекеттин казынасына 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өңдүрүш башталды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Башкы көзөмөл органы аймактардагы прокуратура бөлүмдөрүнүн ишеним телефондору иштей баштаганын маалымдады.
Анын максаты жеке бизнеске укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдары негизсиз кийлигишип, ошондой эле ишкерликке тоскоолдук жаратып жатса түз арыздануу үчүн шарт түзүүгө багыттталганы белгиленет. Ага ишкерлер күнү-түнү чала алышат.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында аймактарда дагы ишеним телефону иштеп баштады. Буга чейин Башкы прокуратуранын дагы ишеним телефону (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54) ачылганын эскертет", — деп айтылат маалыматта.
Аймактык прокуратура органдарынын номери: