БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Талас шаарында массалык мушташ чыкканын Sputnik агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.
Мушташ тууралуу үйүнүн терезеси талкаланган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылгандан кийин белгилүү болгон. Ал жаш балдар бири-бирин ташка алганын, мындан улам айнеги талкаланганын айтып даттанган.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу барган.
"Азырынча мушташка эмне себеп болгону белгисиз. Чырдашкандардын эч кимиси арыз менен кайрылган жок", — деди Сарногоева.
Алдын ала маалымат боюнча, окуучулардын мушташканы божомолдонуп жатат. Тергөө иштери уланууда.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунда өгөй баласын сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 23-февралда, райондук ички иштер органдарына 25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү кечээ кечинде беш жаштагы баласын ур-токмокко алганын айтып кайрылган.
Аялдын айтымында, 22-февралда жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын уруп жатканы көрсөтүлгөн.
Аталган факты Жоруктар кодексиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 33 жаштагы киши кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу тергөө абагына киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.Жашы жете элек бала Тез жардам кызматынан жардам алгандан кийин энесине амбулатордук дарылануу үчүн берилген.
Арыз жазган аял менен шектүү беш жылдан бери чогуу жашап, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайда иштери аныкталган. Сабалган баладан тышкары экөөнүн төрт жаштагы баласы бар экени белгилүү болгон.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.