БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Талас облусунун Арал айылында сууга чөгүп бараткан үч жашар баласын куткарам деп апасы дагы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, каргаша кечээ, 14-февраль күнү, болгон.
Каза болгон келин 25 жашта экени айтылды. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, келиндин сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми баланын сөөгүн атасы алып чыккан.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Honda Fit унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуя Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, анын видеосу "Короче" Telegram-каналына чыкты.
Кадрдан көрүнүп тургандай, сары түстөгү автоунаа тайгаланып, жол четиндеги бордюрга урунуп, андан кийин арыкка түшүп кеткен.
Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, айдоочу жабыркаган эмес. Унаа болсо айып короого токтотулду.
Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дагестандын Каспийск шаарында дзюдо боюнча уландар арасындагы Түндүк-Кавказ федералдык округунун чемпионатында массалык мушташ чыгып кетти. Бул тууралуу РЕН ТВ билдирди.
Окуянын видеосу "Пул №3" Telegram каналына жарыяланды.
"Мушташ спортчулар 10 мүнөттөн ашык кармашкандан кийин башталды. Дагенстандык күйөрмандардын бири колун булгалап, "Ура!" деп кыйкырып жибергени осетиялык көрүүчүлөргө жакпай калганын айтышты. Мушташкандардын арасында спортчулар да бар экенин угуп жатам", — деди РФтин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хабиб Магомедов.
Анын айтымында, эгер чатакташкандардын арасында спортчулар менен машыктыруучулар бар экени далилденип калса, катуу чаралар көрүлөт. Магомедов деги эле мындай окуянын болушун сынга алган.
"Минтип отурсак эч ким медаль албайт. Ушундай көрүнүштөрдүн айынан атлеттер менен машыктыруучулар убактылуу спорттон четтетилиши ыктымал", — деген ал.
Массалык мушташтан жабыркагандар катталган эмес.