БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектеги унаа жууган жайлардын биринен Lexus унаасындагы катализаторду уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Д.К. аттуу бишкектик айым милицияга кайрылып, 10-январда баш калаадагы Абай жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жууган жайдан белгисиз бирөөлөр анын Lexus үлгүсүндөгү унаасынын 2 500 долларлык катализаторун уурдап кетишкенин айткан.
Фактынын негизинде Кылмыш кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча иш ачылган.
"Кылмышка шектелип 29 жаштагы С.А. жана 31 жаштагы К.М. кармалды. Алар аталган жайга келген мындан башка дагы беш унаанын катализаторун уурдаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту аны кайра үй камагына чыгарган. Экинчи шектүү сыртка чыкпоо боюнча тил кат аркылуу бошотулган.
Милиция аталган жарандардын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун териштирип жатат.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Аксыда ууланып каза болгондор жакын туугандар болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 2-мартында болжол менен саат 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын Э.Б. аттуу 65 жаштагы тургуну буюртма берген.
Ал өзүнүн жакын туугандарын 23-февраль жана 8-март майрамына карата чакырган. Ага 19 адам барган. Аталган ашканадан тамак берилип, меймандар спирт ичимдиктерин да ичишкен.
Коноктор болжол менен саат 16:30дар чамасында үйлөрүнө тарап кетишкен. Эртеси, 3-март күнү кечинде, болжол менен саат 23:00дөр чамасында сый тамакка чакырылган коноктордун арасынан алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилген. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок абалы оор болгондуктан жергиликтүү дарыгерлер аларды Аксы аймактык ооруканасына жиберген. Үч адам үйүндө каза болсо, дагы үчөө райондук ооруканада көз жумган.Факты 4-март күнү Аксы РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Учурда тиешелүү экспертизанын жыйынтыктары алынып, тергөө иштери улантылып жатат.
Буга чейин каза болгондордун ким экени такталган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу 19-мартта кезектеги беттешке чыгат. Турнирдин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Eagle Fighting Championship (EFC) 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болмокчу.
Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.