Тогуз-Тородо КамАЗдын цистернасы жарылып эки адам жаракат алды

© Sputnik / Алексей МальгавкоЦистерна. Архив
Цистерна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Кырсыктан жаракат алган эки адамдын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, экинчиси хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Тогуз-Тородо күйүүчү май ташыган КамАЗдын цистернасы жарылып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык 16-февраль күнү саат кечки бештерге жакын Каргалык айылынын Дөбөкулов көчөсүндө болгон.
Оор жүк ташуучу унааны оңдоо үчүн ширетүү иштерин жасап жаткан учурда бош турган цистерна жарылып кеткени айтылды. Кырсыктан жаракат алган 33 жаштагы тургун оорукананын хирургия бөлүмүнө, 34 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0