УКМК алты жыл мурда Бишкекте теракт даярдаган кишини кармады. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын күчтөр. Архив
Атайын күчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин да башка оор кылмыштарды жасап, изделип жаткан.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
ЭТУ мүчөсү, Кыргызстандын жараны С.А.С. 16-февраль күнү атайын кызмат жүргүзгөн контртеррордук иш-чаралардын алкагында колго түшүрүлгөн.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды
Задержание подозреваемого в подготовке теракта в 2015 году в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды
УКМК тактагандай, ал 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террордук уюмдардын катарында өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.
Задержание члена международной террористической организации в Баткене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
УКМК Сирияга согушкерлерди тартуу менен алектенген адамды кармады. Сүрөт
Эске сала кетсек, мындан алты жыл мурда июль айында Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясы менен эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу каршылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып, төртөө жок кылынган.
Атайын операциянын жыйынтыгында АК үлгүсүндөгү 6 автомат, 1 АКСУ, ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча, көп сандагы граната, ок-дарылар алынган.
Операция учурунда УКМКнын 4 кызматкери түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0