БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Панфилов районунда милиция кызматкерине кол салууга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, 16-февраль күнү Чалдовар айылындагы эсепке алуу постунда милиция кызматкерине кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам топ үч белгисиз адам постто турган милиция кызматкерин сабап, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"18-февраль күнү кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Н. кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кийин анын эки шериги колго түшүүлүп, тергөө кызматына жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
Учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдардын аялдарга кол салып, аларды муунткан бир нече фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, шектүүлөр аялдарга кечинде кол салып турушкан. 2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.
"Аталган кылмышка шектелип 20 жаштагы Б.М. аттуу улан жана буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган", — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши башталып, шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталып жатат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.
Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.
"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмечибиз", — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.
Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.